22:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жактоочуга Сапар Исаковдун иши боюнча материалдын көчүрмөсүн беришкен жок

Биринчи Май райондун сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек тергөөчүлөр иш боюнча материалдарды жактоочуларга берип, окуткан болсо, анда көчүрмөсүн бербей коюуга боло турган токтом чыгарды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Эске салсак, ал мурунку премьер-министр Сапар Исаковду жактап келет.

Маалым болгондой, Нурбек Токтакуновго тергөөчү Сапар Исаковдун иши боюнча материалдын көчүрмөсүн бербей койгон. Соттун пикиринде, жактоочу көчүрмөнү алышы үчүн, соттолуучу өзү көчүрмөнү талап кылышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар