15:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ооганстан-журналисттер үчүн эң кооптуу өлкө

Ушул жылдын биринчи жарымында дүйнөдөгү 22 өлкөдө 66 журналист каза тапты. Бул тууралуу Press Emblem Campaign көз карандысыз уюмдун докладында жазылган.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын биринчи жарымында ЖМКнын 55 өкүлү каза болгон.

Докладда жазылгандай, журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн катарына Ооганстан (6 ай аралыгында 11 журналист каза болгон), Мексика (8), Сирия (7), АКШ (6) жана Йемен (5) кирет.

Журналисттер үчүн негизги коркунучту Ооганстандагы террордук топтор жаратат. Ал эми Мексикада кылмыштуу топтор ЖМК өкүлдөрү үчүн кооптуу болуп саналат. Йемен менен Сирияда журналисттер улантылып жаткан ызы-чууну чагылдырууда каза болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар