07:45
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жогорку соттун алдында отставкадагы аскер адамдары митингге чыгышты

Бишкекте Жогорку соттун имаратынын алдында отставкадагы аскер адамдары митингге чыгышты. 20га жакын киши Биринчи Май райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимдерине нааразы экенин билдиришти. 

Ооган согушунун ардагери Орунбек Чоңдоевдин айтымында, мурунку чек арачы Нурлан Өмүрбек уулун бийик тоолуу, шарты катаал райондордо берилүүчү пенсиясына мыйзамсыз кошумча акча бөлдүрүп алган деп айыпташууда.

Аны менен бирге иштешкенбиз. Нурлан Өмүрбек уулу Нарында жашап, бирок Бишкектен иш таап эмгектенчү. Ага карата кылмыш ишин козгошуп, документти жасалгалаган деп кине тагышууда. Биринчи Май райондук соту менен Бишкек шаардык соту чек арачыны күнөөлүү деп таап, айып пул төлөөгө милдеттендирип койду. 80ге жакы күбө бар, алар дагы Нурландын Нарында жашай тургандыгын тастыктап беришет

Орунбек Чоңдоев

Акциянын катышуучулары Жогорку сот буга акыркы чекитти коюшу керек деп эсептешет.

Эң көп окулган жаңылыктар