00:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жалал-Абадда кылмышкерлерден турган топ кармалды

Жалал-Абад облусунда тартип сакчылары кылмышкерлерден турган топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган топтун мүчөлөрү талап-тоноочулук менен алектенип келишкен.

Милицияга белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургундан 100 миң сом талап кылышып, унаасын айдап качкандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

«Милиция кылмышка шектүүлөрдү кармады. Алардын биринин үйүнөн 14 грамм гашиш табылды. Криминалдык милициянын маалыматы боюнча 23 жаштагы К.Э. кылмыш тобуна лидерлик кылып келген. Анын 3 шериги дагы сурак берүүдө», — деп билдиришти ИИМден.

Эң көп окулган жаңылыктар