USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

«Тажик Эйр» авиакомпаниясынын учагы чукул конууга мажбур болду

15:35, 02 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Москвадан Худжанд шаарына учуп бараткан «Тажик Эйр» компаниясынын учагы шашылыш түрдө «Домодедово» аэропортуна конууга аргасыз болду.

Авиакомпаниянын маалымат кызматы билдиргендей, 2-июлда Boeing‐737 жүргүнчү учагы салондо жылчыктын пайда болушунан улам, аэропортко кайрылып келүүгө аргасыз болгон.

Орусиялык ММКлар учак Рязандын үстүндө учуп баратканда салондо жылчык пайда болгонун жазышты. Бортто 141 киши отурган. Жүргүнчүлөр жабыркаган жок.

«Экипаж аэропортко кайтып келүү чечимин кабыл алган. Белгилүү бир өлчөмдө күйүүчү май коротуу менен учак «Домодедово» аэропортуна ийгиликтүү конду», — деп билдирди Худжанд эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Юсуф Маюсуфов.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика