21:56
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Исфана шаарынын аба майданына Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды

Исфана шаарынын аба майданына Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аба бекетинин ачылыш салтанатында жарыялады.

«Бүгүн кош майрам. Исфана шаарынын оңдоодон өткөн жаңы аба майданы ачылып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Аба бекетинин жаңы имаратынын курулушунан жана аэродром элементтерин реконструкциялоодон соң аэропорт жарактуулук Сертификатына ээ болуп, Авиацялык эрежелеринин талаптарына ылайык, пайдаланууга берилди. Бул аэропорт калкка 45 жылдан ашуун кызмат кылды. Реконструкциядан соң, ал элге дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылаарына ишенем», — деп белгиледи Артем Новиков.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу иш-чаранын катышуучуларын маанилүү инфраструктуралык объекттин ачылышы менен куттуктап, аэропорттун ачылышы жемиштүү иштин жыйынтыгы болуп саналаарын белгиледи.

Маалымдама: «Исфана» аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы тарабынан «Исфана» аэродромун сертификациялоонун алкагында аэродромдун сертификациялык талаптарга шайкештигин текшерген.

Комиссия тарабынан аэродромду текшерүү учурунда кемчиликтер аныкталып, аэродромдун пайдаланууга жарактулугу боюнча сертификаты жокко чыгарылган.

2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек — Исфана — Бишкек каттамындагы үзгүлтүксүз каттамдар аэродромдун пайдалануу сертификатынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар