23:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жалал-Абадда аба майдан мыйзамсыз иштеп жатат

Жалал-Абадда аба майдан мыйзамсыз иштеп жатат. Бул тууралуу «Өнүгүү-прогресс» фракциясынын отурумунда лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Айтымында, шаардын башкы планында аба майдан көрсөтүлгөн эмес, бирок аны Советтер Союзу маалында эле салып коюшкан.

«Жалал-Абадда 30 жылдан бери көп кабаттуу үйлөр курула элек. Курулуш иштери болгону Бишкекте жүрүп жатат. Буга себеп-аба майдан. Анткени ал шаарда жайгашкан. Авиациялык эреже боюнча, аба майдандан 2 чакырым радиуста курулуш тыюу салынган. Шаардын башкы планында ал көрсөтүлгөн эмес, балким аны өз убагында киргизген эмес. Бирок, мурда үйлөр салынып келген, азыр салынган жок», -деди Бакыт Төрөбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума