13:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Манас» аэропорту сатылбайт. Өкмөт түшүндүрмө берди

«Манас» эл аралык аэропорту жеке менчикке берилбейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы айрым ЖМК туура эмес маалымат берип жатканын белгиледи. Анын айтымында, аэропортту сатуу боюнча сөз жок.

«Бизге аэропортту өнүктүрүү боюнча долбоор жазып беришет. Биз ал долбоорго карап, Жогорку Кеңеш менен бирге аэропорту тышкы башкарууга бере турган компанияны тандайбыз. Бул дүйнөлүк практика», — деди премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар