13:53
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкек-Стамбул каттамынын кармалышы. Учактын канаты түтөгөн эмес дешүүдө

«Манас» эл аралык аба майданы ААКсы эртең мененки Бишкек-Стамбул каттамынын кармалышы тууралуу түшүндүрмө берди.

«Техникалык себептерден улам «Пегасус» авиакомпаниясынын каттамы саат 18:30га жылдырылды. Таңкы саат 7де каттам 2 жолу жылдырылды. Айрым каалоочуларга билеттери башка күнгө жылдырылып, мейманканалар берилди. Калган жүргүнчүлөр учурда «Манас» аэропортунда. Аларга ысык тамак уюштурулду», -деп билдиришти аба майдандан.

Пегасуста канатынан түтүн чыккан эмес деп билдиришти.

Эске салсак, буга чейин жүргүнчүлөр 24.kg агенттигине Стамбулга кете турган каттам техникалык себептерден улам учпай калды деп билдиришкен. Анда канаты түтөп жатканын айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар