22:12
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте унаадан буюм уурдап жүргөн киши кармалды

Бишкекте автоунаадан буюм уурдап жүргөнгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын тургуну милиция бөлүмүнө токтоп турган унаасынан белгисиз адам Xiomi redmi 4X үлгүсүндөгү телефонун, 1200 сом акчасы жана документтери салынган капчыгын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган кылмышка шектүү катары 36 жаштагы С.М. кармалды. Анын мурда дагы сот жообуна тартылгандыгы аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар