23:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте кымбат баалуу алкоголдук ичимдиктерди уурдаган топ кармалды

Бишкекте дүкөндөн кымбат баалуу алкоголдук ичимдиктерди уурдаган топ кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, милицияга баш калаадагы 3 гипермаркеттин күзөт кызматкерлери арыз менен кайрылышкан. Алар маркалуу алкоголдук ичимдиктерди уурдап кетишкен белгисиз бирөөлөргө чара көрүүнү суранышты. Уурдалган ичимдиктин жалпы суммасы 55 миң сомдон ашкан.

«Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Октябрь РИИБнын кызматкерлери окуяга шектүү делген 18 жаштагы Б.Д., 25 жаштагы Н.Б., 28 жаштагы Б.И., 29 жаштагы Н.Р. ди кармашты», — деп айтылат маалыматта.

 
Эң көп окулган жаңылыктар