11:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Таластыктар Үрмарал капчыгайынан алтынды казуу иштерине каршылыгын билдиришүүдө

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Акназаров айылынын тургундары Үрмарал капчыгайынан алтынды казуу иштерине каршылыгын билдиришип митингге чыгышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өндүрүш, энегетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, 100гө жакын киши жергиликтүү администрациясынын имаратынын алдына чогулушту. Алар казуу иштери башталганда экологияга зыян келет деп кооптонушууда.

««Полюс Голд Кей Джи» ЖЧКсы аталган жердеги алтынды иштетүү боюнча лицензия алган. Ал жакта эч кандай кооптуу иштер болбойт. Алтынды казууда цианид колдонулбайт. Эртең жергиликтүү тургундар менен жолугушуу болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», — деп билдиришти аталган комитеттен.

Эң көп окулган жаңылыктар