16:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

АКШ: Жогорку сот Трамптын мигранттарды чектеген буйругун колдоду

Кошмо Штаттардын Жогорку соту президенти Дональд Трамптын иммиграция боюнча буйругун колдоду. Бир жыл мурун кол коюлган буйрукка ылайык, бир катар өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизилген.

Мындай чектөө Ирандын, Йемендин, Ливиянын, Сириянын жана Сомалинин жарандарына тиешелүү. АКШда убактылуу жашоо укугу же «жашыл картасы» бар адамдарга жана буга чейин виза алгандарга жаңы чектөө колдонулбайт.

Жогорку соттун башкы судьясы Жон Робертс администрация улуттук коопсуздукту камсыз кылууну негиз кылып, ага жетиштүү далилдерди келтире алганын жүйө кылды. Дональд Трамп Жогорку соттун чечимин америкалыктардын жана Конституциянын «чоң жеңиши» катары баалады.

Президент Дональд Трамп алгачкы иммиграциялык буйругуна былтыр 27-январда кол койгон. Ага ылайык, Ирактын, Ирандын, Сириянын, Судандын, Сомалинин, Ливиянын жана Йемендин жарандарына АКШга кирүүгө 90 күнгө тыюу салынып, сириялык качкындар белгисиз мөөнөткө чейин АКШга кабыл алынмак эмес. Дароо күчүнө кирген буйрук аэропорттордо адамдардын кармалышына, АКШнын шаарларында ири демонстрацияларга жол ачкан. Акыры Сиэтлдин соту бул чечимди «Конституцияга каршы келет» деп токтотуп койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар