21:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Премьер-министр жарандарды жеке кабыл алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө жарандарын жеке кабыл алып, арыз-даттанууларын укту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Өкмөт башчы менен жолугушууда жарандар өздөрүнүн бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө, ошондой эле алар тараптан көтөрүлгөн маселелерди кароого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Тактап айтканда, медицина тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу, салык тутумун жакшыртуу, ошондой эле финансылык оор абалга байланыштуу материалдык көмөк көрсөтүү жана турак-жай маселесин чечүү мүмкүндүгү боюнча сунуштар айтылды.

Өкмөт башчы бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынаарын белгиледи жана өкмөтүн аппаратынын тийиштүү структуралык түзүмдөрүнө жолугушуу жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө колдон келген көмөктү көрсөтүүнү тапшырды.

Мындан мурда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна кол койгон, ага ылайык, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин 2018-жылдын 2-жарым жылдыгына карата жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген.

Эң көп окулган жаңылыктар