13:02
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ИИМ дагы деле Рыспек Акматбаевди издеп жатат

ИИМ дагы деле Рыспек Акматбаевди издеп жатат. Бул тууралуу отурумда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов билдирди.

«Рыспек Акматбаевди мындан 12 жыл мурун Бишкектен өлтүрүп кетишкен. Ал болсо ИИМдин тергөө кызматында издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинде катталып турат», —деди депутат.

Искендер Матраимовдун айтымында, тергөө кызматы 14төн ашуун кылмыш ишинин бетин ача албай келет.

«Аталган кылмыш иштери боюнча күнөөлүүлөр ооруп жатышат. Ал тургай 1991-жылдан бери ооруп жүргөндөрү бар. Ошондой эле 3 шектүү 1994-жылдан бери ооруканада жатышат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби