01:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте коомдук унааларда уурулук кылып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте коомдук унааларда уурулук кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын акырында  милицияга шаардын тургуну кайрылып, коомдук унаалардын биринен уюлдук телефонун уурдаткандыгын билдирген.

Тартип сакчыларынын айтымында, 32 жаштагы кылышка шектүү адам мурда «Уурдоо» жана «Тоноо» беренелери боюнча соттолгон.

 Аталган окуяга тийиштиги бар жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Эң көп окулган жаңылыктар