Орусиянын Ленинград облусунда кыргызстандык жаран ичинде 2 кишиси менен соода дүкөнүн өрттөп салды. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, дүкөндүн ичинде кыргызстандын жарандары болгон.
Тилсиз жоо өчүрүлгөндөн кийин аталган жайдан 1991-жылы туулган кыргызстандык аялдын денеси табылды. Мындан тышкары 1998-жылы туулган дагы бир жарандын денесинин 80 пайызы күйүп калган.
Аталган окуяга шектүү делип 1984-жылы туулган кыргыз жараны кармалды. Ал буга чейин соттолгон эмес.