16:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мамлекеттик кызматкер журналистти унаасы менен сүзүп качып кетти

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери Kaktus.mediaнын журналисти Марат Уралиевди сүзүп качып кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын кесиптештери билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери рейд учурунда Lexus GS үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу өзүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкеримин деп тааныштырып, протоколду толтурбоону суранган. Бирок, жок деген жоопту алгандан кийин бардык процедуралардан өтүүгө макулдугун берген.

«Ошол маалда инспектор четке чыгып, редакциянын корреспонденти болгон окуяны видеого тартып жаткан. Айдоочу инспектордун жоктугунан пайдаланып, газды катуу тээп качууга аракет кылган. Корреспондент четке качууга үлгөргөн, бирок унаа аны койдуруп кеткен», — деп билдиришти журналисттер.

Маалым болгондой, Марат Уралиев арыз менен тартип сакчыларына кайрылды. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума