16:16
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Издөөдөгү тажик ишкерине кыргыз паспортун берген кызматкер кармалды

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы өз өлкөсүндө оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Низомхон Жураев аттуу Тажикстандын жаранына кыргыз паспортун берүүгө Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экенин аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ага эски үлгүдөгү (2004-жылдагы) паспорт берген. Кийин ал жаран 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы үлгүдөгү паспорт алган. Жураевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланып, Украинада кыргыз паспорту менен кармалган.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 18-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузактагы бөлүмүнүн А.А. аттуу башкы адиси кармалып, убактылуу кармоо жайына камалды.

Эске салсак, Тажикстандагы Согди облусунун экс-депутаты, Исфара шаарындагы химиялык заводдун мурунку башкы директору, 51 жаштагы Низомхон Жураевге тажик ички иштер башкармалыгы бир нече кылмыштар боюнча айып таккан. 

Эң көп окулган жаңылыктар