22:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда соттолгондорду багуу үчүн жыл сайын 200 миллион сом коротулат

Кыргызстанда соттолгондорду багуу үчүн жыл сайын 200 миллион сом коротулат. Бул тууралуу маалымат жыйында Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ведомство жабык мекемелердин аймактарында айыл чарба тармагын өнүктүрүү ниетинде. Мындай кадам тергөө абактары соттолгон жарандардын тамак ашына кеткен чыгымдарды өздөрү жабуу максатын көздөйт.

«Мамлекет сатып берип турган азыктардын 10 пайызын жакынкы 2 жыл аралыгында өзүбүз сатып алууну пландап жатабыз. Азыркы тапта биз оңдоо иштерине кеткен чыгымдарды, электр жарыгы, суу жана башка майда чыгымдарды төлөп жатабыз», — деди Таалайбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума