06:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өлкө бийлигин жемкорлук менен күрөшүүнү репрессияга айландырбоого чакырышты

Депутат Ирина Карамушкина өлкө бийлигин жемкорлук менен күрөшүүнү улантуусун, бирок аны репрессияга айландырбоого чакырды.

Анын пикиринде, Алмазбек Атамбаев башында турган мурунку бийликтин койгон тапшырмалары жана максаттары аткарылды. Депутат оппоненттерди мурунку аткаминерлерди «өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылбоого чакырды.

Ирина Карамушкина УКМКнын тергөө абагында жатышкан экс-премьер-министри Сапар Исаковду, бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовду, депутат Осмонбек Артыкбаевди барып зыярат кылышканын айтты.

Эске салсак, аты аталган аткаминерлерге карата жемкорлук айыбы тагылууда.

Биз принциптүү иликтөөнү талап кылабыз. Бирок, УКМКнын тергөө абагын саясий туткундардын мейманканасына айландырбоо керек

Ирина Карамушкина.

Ал билдиргендей, соттолгон мурунку аткаминерлер эгерде сот күнөөлөрүн далилдесе жооп берүүгө даяр.

Эң көп окулган жаңылыктар