07:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Күрөш боюнча дүлөйлөр арасында өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионат. 4 медалдын ээлери

Кыргызстандык спортчулар күрөш боюнча дүлөйлөр арасында өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионатта 4 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, спорттук иш чара 12-июндан 19-июнга чейин Орусияда өттү. Ага 20 өлкөнүн 300дөн ашуун өкүлдөрү катышты. 

Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 3 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Чоңдор арасында эркин күрөш боюнча Миляс Марков (125 килограмм) -күмүш, Алмазбек Исаков (65 килограмм) — коло, грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды утуп алышты. Ошондой эле, өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды Смадияр Жумакадыров (45 килограмм) илип кетти. 

Эң көп окулган жаңылыктар