00:47
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат

Бүгүн, 8-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти соцтармактар аркылуу маалымат берди.

Ага ылайык, алгач грек-рим күрөшү боюнча беттештер бүгүн башталат.

Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактагылар күч сынашат.Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен улуттук курама команда бекитилет.

Башталышы 11:00дө, ал эми чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи саат 17:00дө өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар