12:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жугуштуу оорулар ооруканасында 362 бейтап стационардык дарылануудан өтүүдө

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 362 бейтап стационардык дарылануудан өтүүдө. Алардын арасында 294 бала бар. Бул тууралуу маалымат жыйында дарыгер Нургүл Молдалиева айтты.

Анын билдирүүсүнө караганда, көптөгөн жугуштуу оорулар аба жолдору менен берилет. Бейтаптар ар кайсыл бөлүмдөрдө жатышат, мындан улам оорукананын ичинде жугуштуу оорулар менен ооруп калуу мүмкүн эмес. 16 жашка чейинки балдар өзүнчө жатып дарыланышат.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Артур Буюкляновдун айтымында, ата-энелер өздүк гигиенага көңүл бурушпай, балдарына мөөнөтү өтүп кеткен азыктары беришет.

Эң көп окулган жаңылыктар