16:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ары-бери өткөн жарандарга ок чыгарган 2 кылмышкер кармалды

Биринчи Май РИИБнын кызматкерлери көчөдөн ары-бери өткөн жарандарга ок чыгарган 2 кылмышкерди кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-июнда Биринчи Май РИИБга Исанов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тапанчанын үнүн уккан тургундар арызданышкан.

Окуя болгон жерден тартип сакчылары тапанча менен окторду табышты. Арызданган тургундардын бири досуна ок тийгенин айткан.

Билдирүүгө ылайык, кылмышка шектүү делип 28 жаштагы Т.А. жана 21 жаштагы А.У. кармалды. Алардын унаасын тинтүү маалында тапанча, 2 магазин жана 9 ок табылган.

Учурда жабыркаган тургун ооруканада.

Эң көп окулган жаңылыктар