15:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча  каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Эске салсак, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-июнь күнү экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да кармалып, камакка алынган.

Быйыл январдагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга кабылып, абоненттерге бир жума бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. 

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейин жарыяланган корутундусунда бул ишке тиешеси бар киши катары 30дай адамдын аты-жөнү жарыяланган. Анда Сапар Исаковдун, Осмонбек Артыкбаевдин, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин жана башкалардын аттары аталган.

Эң көп окулган жаңылыктар