22:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Съездбек Искеналиев: Териден тигилген формамды кошунанын ити сүйрөп...

Мындан туура 15 жыл мурун тери жамынган баатырдын образын алып чыккан ырчы Съездбек Искеналиев «24.kg» агенттигине той жанры, келди-кетти ырчылар жана башка кызыктар тууралуу айтып берди. 

Той жанры жана келди-кетти ырчылар...

Азыркы муун арасында «тойский жанр» деген түшүнүк пайда болду. Мага дагы атайын тойго ыр жазып берүүнү суранып кайрылып калышат. Эми атайын тойдун ыры деп бөлүү анчейин туура эмес. Анын үстүнө кандай гана жанрдагы ыр болбосун биринчи элдин жүрөгүнөн орун алыш керек. Аранжировкасын жасатып, анан обон жаздырып, акырында ага ылайыктап сөз жазып жатышат. Мында акын дагы, обончу да чектен чыкпай байланып калат. Ал тургай клип жаратуучулар «акыркы кездерде ырчылар биринчи даяр клипти көтөрүп келип ага аранжировка жасатып, кийин обон жаздырып, акырында сөзгө маани берилүүдө» деп тамашалап калышат.

Мен бул сабатсыздык жана шалаакы мамиле деп эсептейм. Негизи ырчылыкты хобби катары карагандар шоу-бизнеске адашып келген келди-кетти ырчылар.

Териден тигилген формамды кошунанын ити сүйрөп...

«Эсимде», «Селки» аттуу ырларымды эл жакшы кабыл алды. Айрыкча «Селки» аттуу ырымда өзгөчө форма менен элдин эсинде калдым. Азыр чыгармачыл чөйрөдө эмгектенген аты кыргыз элине таанымал болуп калган агаларым бар. Алардын колдоосу менен ырыма клип тартып, тери жамынган баатырдын образын алып чыкканмын. Аны баары карышкырдын териси деп ойлойт, негизи суурдун баласы чөндөлөйдүкү. Жыты ушунчалык сасык дейсиңер, айла жок бир концертте терини кийип ырдоого туура келди. Катары менен 4 ыр ырдадым. Тердегенимди сурабаңыздар...

Жыты кетсин деп териден жасалган формамды жайкысын кермеге жайып койсом, кошунанын ити сүйрөп кетиптир. Жулуп алып келип, жамачу жерлерин жамап үйгө катып койгом. Ошол ырдан кийин чыгармачылык топко ийгилик жылмайды. Мен да клиптин арты менен «Боз Салкын» тасмасындагы Мураттын ролун ойноого чакыруу алгам.

Съездбек Искеналиев

Эптеп-септеп концерт бергим келбейт...

Эптеп концерт бергенге акым жок. Аябай даярданып, масштабдуу заманбап концерт бериш керек деп ойлойм.

Наамды дагы убагында кезеги менен алыш керек. Ошол багыт менен келе жатам. Маданияттын мыкты кызматкери наамын, президенттин ардак грамотасын алдым. Учурда 2 билимдин ээсимин. Сыйлыкты дагы эмгегиң менен татып алыш керек.

«Иттин доолдай тиктирем» дегениндей болуп...

Мен сахнага алгач 2001-жылы чыккам, бирок 3 жылдан кийин гана эл оозуна алына баштадым. Чыгармачыл адамдар чексиз кыялданабыз да. Жеке концерт берем деген ниетим бар, шарт болуп калса. Бирок, «иттин доолдай тиктирем» дегениндей болуп, кыш келгенде жайда концерт берем дейм, жайында унутуп калам.

Үй-бүлө...

Мага ата-энем жакшы тарбия беришкен. Мен дагы ошол тарбиянын негизинде колдон келишинче балдарымды көзөмөлдөйм. 2 кыз, бир уулум бар. Кудайдан тилегеним жакшы жактарым балдарымда болсо экен, кемчиликтерим өзүмдө эле калсын дейм. 

Жаңы чыгарма «Кызгалдак»

Жакында «Кызгалдак» деген аталышта жаңы ырымды клиби менен сунуштайм. Обону өзүмдүкү, сөзү Садырбек Самдаинов агабыздыкы. Негизи мен сөз кууган обончулардын катарындамын. Китепти карап отуруп сөзүн жактырып калдым. Калганын элдин сынына койдук. Азыркы тил менен айтканда элден «лайк» күтөм. 

Эң көп окулган жаңылыктар