12:36
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Назик» бийчилер тобу. Сахнадагы атаандаштык жана бийчи жигиттердин кежирлиги

Фото Гүлжан Исраилова

«Назик» бийчилер тобунун уюшулганына быйыл туура он сегиз жыл болду. Топтун менеджери Гүлжан Исраилова «24.kg» агенттигине бул аралыкта жетишкендиктери, алдыдагы пландар тууралуу маек курду.

— Топту жетектөөнү эжеңиз Назик Исраилова сизге өткөрүп бердиби?

— Мен топтун менеджеримин. Сыртта уюштуруу иштери жана башка маселелер менен көп жүргөндүктөн, көпчүлүгү мени жетекчи деп ойлошот. Бирок, топту негиздеген, түптөгөн Назик Исраилова азыр деле башкарат.

-18 жыл аралыгында бир топ бийчилерди тарбиялап чыктыңыздар. «Назиктин» курамы канча жолу өзгөрдү.

-Негизи топ 2000-жылы алгач түзүлгөндө жети бийчи кыздан турчу. Азыр болсо бийчилерибиздин саны аябагандай көп. Ошончо жылдан бери көп сандаган бийчилерди уядан учурдук. Эсебин деле жүргүзбөйбүз. Алардын арасында аты чыгып, элге таанымал болуп калгандары да бар. Биз дайыма сыймыктануу менен айтып келген бийчилердин арасында Максат Токтоналиев, «Кыз кыялы» бий тобунун кыздары, жигиттерден түзүлгөн «Санжыра» тобунун курамы бизден тарбияланышкан. Айта берсек көп. Бий үйрөнөбүз деп ар кайсы чөйрөнүн адамдары келишет. Кийин жолугуп калганда, сиздерден окуп кеткенбиз дешсе сыймыктанып калабыз.

— Азыркы агымдан калбай сиздердин топ дагы негизги кирешени тойдон тапса керек...

— Негизинен топ өзүн өзү каржылайт. Ооба той-топурлардан жакшы акча түшөт. Ошондой эле, 18 жылдан бери бий мектебинен түшкөн акчага каражатына жашайбыз.

— Бийлеп жатканда кандай кызыктуу учурлар болду эле?

-Чыгармачылык чөйрөдө ар бир күнүбүз кызыктуу. Бийдин өзүнө таандык касиети бар. Мисалы, ооруп калганда же маанай жокто сахнага чыктың дегиче ооруңду унутасың. Биз чимириле бийлеп жүрсөк эле баары жыргап жүрүшөт деп ойлошот. Бизде да көйгөйлөр болот. Кээде, бийлеген жер тар болуп ыңгайсыздык жараткан учурлар болот. Кээ бирде бийлечү жай суук болуп, буту-колубуз үшүгөн убактар болот. 

Бир жолу Спорт ордосунда бийлегени даярданып жатканбыз. Күн суук болчу. Биздин кезек келип сахнага чыктык. Кыздар тегерек болуп тизилип кыймыл жасайлык десек, арабыздагы кыздардын бирөөсүнүн мурдунан суу куюлуп кетсе болобу. Аны көрүп кечке күлкүбүздү тыя алсакчы.

— Кайсы ырчылар менен тыгыз иштешесиңер?

— Биз ырчылар менен кыска мөөнөткө эмес, узак мөөнөткө иштешели деп келишим түзөбүз. 1-2 жылдык долбоорлор менен иштешебиз. Мисалы, «Кыргыз бийин» чоң долбоор кылып иштегенбиз. Эл абдан жакшы кабыл алды. Азыр Султан десе «Назик» бийчилер тобун, «Назик» десе Султанды элестетишет. Бүгүнкү күндө Урмат менен Нелянын жаңы чыгармасынын үстүндө иштешип атабыз.

— Учурда топтун курамында канча киши бар?

-Топтун курамында 4 жаштан өйдө 30 жашка чейинкилер деле бар. Чек жок. Эркек балдар менен иштешкенибизге 4 жылдай болуп калды. Негизи кыздар менен иштөө жеңил.

Эркек балдар менен иштеш кыйыныраак, аларга башкача мамиле да керек экен. Бирок, кыздар менен балдардын койгон бийлери жакшы чыгат.

Азыр бий топтору абдан көп, атаандаштык күч. Ошондуктан биздин өзгөчөлүгүбүз ушунда деп ойлойм. Учурда 12 улан кыз топтун негизги курамын түзөт. Жалпысынан бийчилердин саны кенже топту кошкондо 600гө жетет. 

Эң көп окулган жаңылыктар