12:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Койдун башына баңгизат менен акча катып. Тергөө абагындагы окуя

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын тартип сакчылары тергөө изоляторуна баңгизат жана акча каражатын мыйзамсыз берүүгө аракет кылышкан 3 кишини кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азык-түлүк менен кошо койдун башы камакта отурган Ысык-Көл облусунун 34 жаштагы тургунуна келген. Анда койдун башына баңгизат менен акча катылганы белгилүү болду.

Эске салсак, абактагы 34 жаштагы тургун уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Ага карата опузалоо жана куралды мыйзамсыз сактоо боюнча айып тагылган.

Ички иштер министрлиги жалпы жарандарды сак болууга үндөп, абакка ар кандай буюмдарды ала кирүү тууралуу суранычтарды эч качан аткарбоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар