05:40
USD 68.81
EUR 81.15
RUB 1.04

Эсептөө палатасы Датка-Кемин электр берүү линиясынын курулушун текшерди

Эсептөө палатасы Датка-Кемин электр берүү линиясынын курулушун текшерди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Депутат Кожобек Рыспаев маселени көтөрүп Бишкек ЖЭБинен кийин Датка-Кемин электр берүү линиясынын курулушун текшерүү керектигин айтты. Билдиргенине караганда, аталган долбоор ТВЕА компаниясы тарабынан ишке ашырылган.

Улукбек Мариповдун айтымында, текшерүү жүргүзүлгөн, бирок жыйынтыгы азырынча жарыялана элек.

Эске салсак, аталган курулушка 389 миллион доллар коротулган.

Эң көп окулган жаңылыктар