11:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Элден Баткенге жардамга топтолгон акчанын сарпталышы текшерилет

Эсептөө палатасы элден Баткенге жардамга топтолгон акчанын сарпталышын текшерип чыгат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинин жыйынында Алмазбек Акматов билдирди.

Депутат Султанбай Айжигитов 2022-жылы Баткенге жардамга ачылган атайын эсепке 369 миллион сом топтолгон.

«Азыр Финансы министрлигинде өткөн жылдын бюджетин колдонуу боюнча текшерүү жүрүп жатат. Эгер депутаттар тарабынан токтом чыкса, биз Баткен боюнча ачылган атайын эсептин сарпталышын текшерип чыгабыз», — деп жооп берди Алмазбек Акматов.

Депутат Камила Талиева 2021-жылкы жана 2022-жылкы атайын эсепке топтолгон акчаларды текшерүү боюнча токтом кабыл алууну сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар