13:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жаратылышты өнүктүрүү фонду долбоорлорду 758 млн сомго негизсиз каржылаган

«Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунда 810 миллион 256,8 сомдук финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.

Кечээ Эсеп палатасынын кеңешинин кезектеги жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунун ишине 2019-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды.

Фонддун финансылык каражаттарын чыгымдоодо 51 миллион 835 сом суммасындагы бузуулар жана кемчиликтер аныкталды.

Мындан тышкары, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча долбоорлорду/программаларды баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия коммерциялык жана жеке ишкерлердин долбоорлорун каржылоону негизсиз жактырган, анын натыйжасында фонд тарабынан 758 миллион 421,8 сом каржыланган.

Маалыматка ылайык аудиттин материалдарына укуктук баа берүү үчүн УКМКга жөнөтүлөт.

Эске салсак, 2022-жылдын 22-июлунда УКМКнын басма сөз кызматы «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондундагы жана Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишинин алкагында кимдер кармалганын жана экс-министр Динара Кутманова жана анын үй-бүлөсү ар кандай долбоорлордон миллиондогон акчаларды кантип ээлеп алышканы тууралуу маалымат берген.

Эң көп окулган жаңылыктар