14:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Айыл чарба министрлигинде 472 миллион сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 миллион 357,2 миң сомдук каржылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды:
  • каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар — 60 миллион 147,1 миң сом;
  • бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери — 943,8 миң сом;
  • Социалдык фонддун кошумча эсептелген кирешелери — 760,0 миң сом;
  • бюджеттин чыгымдар бөлүгү жана башка төлөмдөр боюнча бюджеттин жоготуулары — 76 миллион 19,5 миң сом;
  • рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар — 289 миллион 485,6 миң сом.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатылып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана жер семирткичтердин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышына жана таратылышына утурлама аудиттин жыйынтыгында аныкталган 214 миллион 397,9миң сом жоготуулар боюнча маалыматтар Ички иштер министрлигине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар