14:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Транспорт министрлигинде 1,2 миллиард сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жана анын мекемелик бөлүмдөрүндө, карамагындагы мамлекеттик ишканаларда 2021-2022-жылдар аралыгына карата 1 миллиард 251,4 миллион сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди. 

Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар аныкталды:

  • бюджеттери аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер — 366 миллион 63,3 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер — 57 миллион 283,3 миң сом;
  • эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу — 214 миллион 824,1 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар — 612 миллион 670,5 миң сом;
  • ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу — 47,4 миң сом.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетине, Финансы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине сунуштама жөнөтүлөт. Ошондой эле Транспорт министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдары укуктук баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберилет.

Эң көп окулган жаңылыктар