15:36
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

16-июндан тартып Бишкектеги көчөлөрдүн айрым бөлүгү жабылат

16-июндан тартып Бишкектеги көчөлөрдүн айрым бөлүгү жабылат. Бул тууралуу шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу Жибек-Жолу проспектисинин төмөнкү жагындагы Үсөнбаев көчөсү жабылат. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 15-июлуна чейин уланат.

Ошондой эле, Айни көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Оңдоо иштери Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Токтоналиев көчөсүнүн ортосунда жүргүзүлүп, иш 30-августка чейин бүткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар