23:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Премьер-министр өкмөттүн ишин баалоону депутаттардан суранды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн өкмөттүн ишин баалоону депутаттардан суранды. Ал мындай сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мыйзам талап кылгандай мурунку премьер-министрлердин жасаган иштери тууралуу отчет бергени келди.

«Премьер-министр алмашкан күндө дагы Жогорку Кеңеш жана эл үчүн отчет берилиши керек. Өзүңүздөр билгендей 2017-жылы 2 өкмөт иштеген, 2 программа болгон. Биринчиси 8 ай, кийинки өкмөт 4 ай иштеди», —деди премьер-министр.

Эске салсак, былтыр өкмөттү Сооронбай Жээнбеков, кийин Сапар Исаков жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар