19:56
USD 69.85
EUR 79.07
RUB 1.05

Борбор калаада Бишкек баатырдын эстелиги орнотулат

Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине Бишкек баатырдын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаарда орнотулчу эстеликти жасоо үчүн сынак жарыяланды.

«Эң мыкты эмгекти тандап алуу үчүн сынак жарыяланды. Эстелик Бишкек баатырдын образын ачып, орнотула турчу жерге ылайыкталып жасалышы керек. Сынакка тажрыйбалуу айкелчилер, сүрөтчүлөр жана архитекторлор катыша алат», — деп айтылат маалыматта.

Сынак 18-августта жыйынтыкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар