21:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Манастын эстелигин куруу үчүн 25 миллион сом сарпталат

Манастын эстелигин куруу үчүн 25 миллион сом сарптоо пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эстеликти тургузууга конкурс жарыялады. Жогоруда көрсөтүлгөн суммага ташуу жана жеринде орнотуу иштери дагы кирет. Жумуш 30 сентябрга чейин бүтүшү керек.

Эске салсак, 2022 жылдын декабрь айында маданият министри Алтынбек Максутов скульптор Урустамбек Пазылов жана архитектор Улан Бейшенбаевдин долбоорунун эскизин Садыр Жапаровго сунуш кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар