12:53
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өкмөттүн аппаратында гендердик баланс сакталган эмес

Өкмөттүн аппаратында гендердик баланс сакталган эмес. Бул тууралуу гендердик саясат боюнча улуттук кеңештин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Маалыматка караганда, гендердик саясат баардык мамлекеттик тармактарда, анын ичинен өкмөттүн аппаратында сакталган эмес. Премьер-министр жакынкы аралыкта бул түзүмдө аялдардын санын көбөйтүүгө убада берди.

«Бизде район акимдеринин арасында да аялдар жок. Жалаң эркектер. Аялдар болгондо үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү жеринен чечүүгө башкача мамиле кылат эле. Биз муну дагы оңдойбуз», -деди премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар