05:04
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Тең эмес позициялар. Эмне үчүн аялдар өлкөнү башкарууга катышпайт

2019-жылы Кыргызстанда жаңжал чыккан. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын эркектери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазышып, аялдардын жергиликтүү кеңеште мандат алышканына нааразы болушкан.

Бул окуя эркектердин аялдар менен башкаруу органдарында бирдей шарттарда иштешине мамилесин эң жакшы көрсөтүп турат. Өкүнүчтүүсү, акыркы үч жылда абал дагы да начарлаган.

24.kg агенттигинин дата-бөлүмү жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги аткаруу бийлик органдарындагы аялдардын санын талдап көрдү. Бирок күч структураларындагы абал эске алынган жок, себеби андагы кызматкерлердин курамы жөнүндө маалыматтар жашыруун болуп саналат.

Чыгарылган тыянактар көңүл жылытарлык эмес. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө аялдар менен эркектердин саны бирдей. Ошондуктан алардын өлкөнү башкаруу системасында дагы саны бирдей болушу керек. Бирок андай эмес. Кыргызстанда «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» мыйзам да кабыл алынган. Анда гендердик балансты сактоо зарылдыгы жазылган. Бирок эксперттер коңгуроо кагып, бул мыйзам расмий түрдө гана ишке ашырылып жатканын айтышууда.

Мэрияларда жана айыл өкмөттөрдө аялдар кандай кызматты аркалашат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бардык административдик кызмат орундары төрт түргө бөлүнөт: жогорку, башкы, улук жана кенже. Эң көп бийлик жана чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жогорку жана башкы кызматтагы жумушчулардын колунда.

Мамлекеттик органдардагы аялдарга чечимдерди аткарууну тапшырышат

Мамлекеттик башкаруу системасында министрлик жана мекеме жетекчилеринин позициясы саясий кызмат орундары болуп эсептелет. Аларды ким ээлейт, президент же министрлер кабинетинин башчысы чечет.

Калган бардык кызматтар административдик болуп саналат. Алардын иерархиясы жергиликтүү деңгээлдегидей эле.

Министрлер кабинетинде аялдарга орун жок

Бийликтин гендердик теңчиликке болгон мамилеси министрлер кабинетинин азыркы курамынан эң жакшы көрүнүп турат. Ал жакта жыл ичинде бир гана аял болгон — саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова. Мекемедеги акыркы өзгөрүүлөрдөн кийин эки аял болду. Гүлнара Батыров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин жетектөөгө дайындалып, санариптик өнүктүрүү министри кызматына Нурия Кутнаева бекитилди.

Экс-депутат Айнуру Алтыбаева кырдаалды саясий эрк өзгөртүшү мүмкүн деп эсептейт.

Өлкөнүн бийлиги гендердик квотаны расмий түрдө гана сактабастан, башкаруучу кызматтарда иштеген аялдардын санын көбөйтүү үчүн бардыгын жасашы керек. Ушундай жол менен гана аял лидер боло албайт деген стереотиптен арылып, алардын мыкты башкаруучу боло аларын көрсөтүүгө болот.

Гендердик эксперт Жанна Араева дагы бир маселеге көңүл бурууга чакырат. Кулуардык сүйлөшүүлөрдөн улам аялдар үчүн көтөрүлүү кыйынырак. Эркектер көптөгөн маселелерди эркектердин тилектештигинин негизинде чечишет.

«Эркектер мончого, аял бара албаган жолугушууларга бара алышат. Аялдар мындай шартарда маселелерди чече алышпайт. Чечим кабыл алуу укугунан ажыратылгандан кийин башка аялдар дагы жабыркайт. Аларды алга жылдыруучу механизмдер азайып баратат. Эгерде квота элүүгө элүү же жок дегенде отузга жетмиш болгондо, анда көп аялдар жогорку кызматтарга бара алышмак, анткени аларды башка аялдар колдомок. Алар көп маселелерди чече алышмак», — деп жыйынтыктады Жанна Араева.

Датасы-редакторлор: Савия Хасанова, Александр Богачев

Иллюстрация: Надежда Хабичевская

Материал Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан даярдалыды. Материалдагы пикирлер жана тыянактар Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн пикирин сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

Эң көп окулган жаңылыктар