01:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ош шаарында жаңы аба майданы үчүн 500 гектар жер аянты бөлүндү

Ош шаарында жаңы аба майданын куруу үчүн Отуз-Адыр жана Мады айылдарынан 500 гектар жер аянты бөлүндү. Бул тууралуу унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча парламенттик комитеттин отурумунда түштүк борбордун өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жерди трансформациялоо маселеси чечилүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө депутат Улукбек Ормонов: «Эмне үчүн жаңы аба майданын куруу пландалып жатса, эски аба майданын кайра калыбына келтирүү үчүн ири суммадагы акча коротулушу керек?», — деп таң калды.

«Жаңы аба майданын куруу тууралуу кеп 10 жылдан бери айтылып келет. Балким дагы 10 жыл талкуулайбыз. Ал эми эскиси иштеп турушу керек», -деп түшүндүрдү «МАМ» ААКнын төрагасы Эмиль Чукуев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума