03:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

2012-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 99 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгон

2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 99 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде 7 пенсионер бар. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган кызматтын башчысынын орун басары Шамил Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-2018-жылдар аралыгында бажы кызматкерлерине каршы 15 кылмыш иши козголгон. Алардын 11и жалган транзитке байланыштуу. Келтирилген жалпы чыгым 450 миллион сом деп айтылууда.

«Ушул жылдын 5 ай аралыгында 472 административдик иш козголду. Бул боюнча бюджетке 50 миллион сомдон ашуун каражат төлөндү. Укук коргоо органдарына 90 кылмыш иши өткөрүлүп берилди», -деди Шамил Бердалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар