09:28
USD 87.00
EUR 89.68
RUB 0.84

Кыргызстандагы 145 мектеп-интернатында 12 миңден ашык бала тарбияланат

Кыргызстандагы 145 мектеп-интернатында 12 миңден ашык бала тарбияланат. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова билдирди.

Анын айтымында, мектеп-интернаттарындагы балдардын 683ү тоголок жетим.

«Ал эми өлкө боюнча 24 миң бала туугандарынын колунда тарбияланат. Анткени алардын ата-энелери чет өлкөдө. Ал балдар ар кандай зордук-зомбулуктарга кабылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт», — дейт Назгүл Чолумова.

Эң көп окулган жаңылыктар