08:01
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Замирбек Ниязалиев Бажы кызматынын жетекчилерине карата козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин камакта болот.

Ал эми бүгүн маалымат жыйында Салык кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков өзүнүн орун басарынын кармалышы тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Азыр эч кандай түшүндүрмө бере албайбыз. Факт боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кандайдыр бир маалымат берүүгө укугубуз жок», -деди Алмаз Оңолбеков.

Эске салсак, Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку жооптуу кызматкери Нурбек Айбашевге карата мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып тагылып камакка алынган. Тактап айтканда ал «Кыргызстандан Кытайга тери жөнөтүлгөндө бажы төлөмдөрүн мыйзамсыз жеңилдеткен, териден жасалган буюм-тайымдар кайра өлкөгө кирген эмес» деп айыпталып жатат. Бул иш боюнча бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар