13:06
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу боюнча планды 3,1 пайызга ашык аткарды

Май айында бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган кызматтын башчысы Алмаз Оңолбеков билдирди.

Айтымында, план 108,7 миллион сомго ашык аткарылган.

Маалыматка караганда, бажы кызматы план боюнча казынаны 3,5 миллиард сомго толтурушу керек болчу. Факт боюнча 3 миллиард 608,7 миллион сом чогултушкан. Былтыркы жылдын май айы менен салыштырганда бул жылы көрсөткүч 28,2 пайызга өскөн.

«2018-жылдын 5 айында 14 миллиард 718 миллион сом акча чогултушубуз керек болчу. Факт боюнча 16 миллиард 519 миллион чогулттук, бул 12 пайызга көп дегенди билдирет», -деди Алмаз Оңолбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар