09:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Казакстандын энергетика министринин орун басары жемкорлукка айыпталууда

Казакстандын энергетика министринин орун басары Бахытжан Жаксалиев жемкорлукка айыпталып, үй камагына алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик кызматтар жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинен кабарлашты.

Мекеменин өкүлү Нурлан Жахиндин билдиришинче, Жаксалиев 2015-жылы курорттук аймактагы көлдөрдү тазалоого байланышкан бир катар документтерге мыйзамдарды бузуу менен кол койгон деп шектелүүдө. Министрдин орун басары «Аймак и К» деп аталган жалданма компаниянын кызыкчылыгы үчүн кызмат абалын кыянат пайдаланып, мамлекетке 746 миллион теңге (2 миллион 254 миң доллар) зыян келтиргени айтылууда.

«Жаксалиев сумма 30 эсе көп көрсөтүлгөнүн билип туруп, иштер 863 миллион теңгеге аткарылгандыгы тууралуу кабыл алуу актысына кол койгон», — деп билдирди Жахин.

Жаксалиев энергетика министринин орун басары кызматында 2014-жылдан бери иштейт. Ага чейин үч жыл өлкөнүн индустрия жана жаңы технологиялар министринин орун басары болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума