20:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда акыркы 5 ай ичинде күйүүчү майдын баасы 3,8 сомго кымбаттады

Кыргызстанда акыркы 5 ай ичинде күйүүчү-майлоочу майдын баасы 3,8 сомго кымбаттады. Бул мунай заттарына болгон баанын олуттуу өсүшү болуп саналат.

Айрым маалыматтарга караганда, жыл башында солярканын баасы 40,3 сом болгон болсо, июндун башында 44,1 сомго жеткен. Кээ бир май куюучу жайларда дизелдик отун 45 сомдон сатылууда.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензин −2,2 сомго, АИ-95 −2,1 сомго кымбаттаган.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришкендей, күйүүчү майдын чекене баасынын өсүшү 5-10 пайызга жетет. Буга күйүүчү майга былтыркы жылдын аягынан бери дүң баанын өсүп жатканы себеп болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар