17:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстан дүйнөдөгү жолу начар өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргызстандын жолдору дүйнөдөгү эң начар жолдордун бири болуп калды. Бул тууралуу Индекс глобалдык атаандаштыкка туруктуулук 2017-2018 тизмесинде белгиленет.

Маалым болгондой, тизмеге 137 өлкө кирген. Жолдордун сапаты 1ден 7ге чейинки балл менен бааланган, бирок бир дагы өлкө жогорку баллга ээ болгон жок.

Эң начар жолдору бар Мавритания 2 баллга ээ болду. Андан кийинки орундарда Конго Демократиялык Республикасы жана Гаити 2,1 балл менен, 4-5-орунда Мадагаскар менен Гвинея турат.

Андан кийинки тизмеде Йемен (2,3 балл), Парагвай (2,4), Украина (2,4), Мозамбик (2,5) жана Молдова (2,5 балл) катталды.

Кыргызстан 2,7 балл менен аталган тизмеде 16-орунга илинди.

Ал эми жолдордун сапаты мыкты болгон өлкөлөргө Бириккен Араб Эмираты (6,4 балл), Сингапур (6,3) жана Швейцария (6,3) кирди.

Андан кийинки тизмеде Гонконг (6,2 балл), Нидерланды (6,1), Япония (6,1), Франция (6), Португалия (6), Австрия (6 бал) жана АКШ (5,7 балл) катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар