08:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Токтогул көчөсүн калыбына келтиргенден кийин 630 метрге узарат

Токтогул көчөсүн калыбына келтиргенден кийин 630 метрге узарат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

«Токтогул көчөсү иштер бүткөндөн кийин көпүрө аркылуу Мамбетов көчөсү менен биригет. Андан 7-Апрель көчөсүнө чыкса болот», — деп билдиришти башкармалыктан.

Маалыматка караганда, учурда Сүйүмбаев менен Т.Айтматов көчөлөрүнүн бөлүгүндө иштер аткарылып жатат. Аламүдүн суусу аркылуу өткөн көпүрөнүн курулушунун 90 пайызы бүттү.

«Токтогул көчөсүнүн Сүйүмбаев менен Т.Айтматов көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө жайгашан 11 турак жай, 4 чарба курулуштары, узундугу 148 метрге жеткен 21 капиталдык тосмо, 5 павильон, 103 метрлик темир тосмолор жана 12 темир дарбаза алынып салынды», — деп кошумчалашты башкармалыктан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума