08:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

1-сентябрга чейин жүк ташуучу унаалардын күндүз жолдордо жүрүүсүнө тыюу салынды

1-июлдан 1-сентябрга чейин жүк ташуучу чоң унааларга саат 9дан кечки 8ге чейинки убакта Кыргызстандын жолдорунда жүрүүгө тыюу салынат. Тиешелүү буйрукту Унаа жана жолдор министрлиги чыгарды.

Мындай кадамга баруу менен унаа жолдорун сапаттуу пайдалануу мөөнөтү узартылат. Жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр күндүзгү температура 28 градустан жогору болгондо киргизилет. Маалым болгондой, бул убакыт аралыгында салмагы 25 тоннаны түзгөн ири габариттүү жүк ташуучу унаалар жолдо жүрө албайт.

Ал эми чектөөлөр жүргүнчү ташуучу, гуманитардык жардамдарды жеткирген унааларга, ошондой эле  уруксаат берилген кооптуу жүктөрдү ташыган жана аталган министрликке тиешелүү жолдордун ремонтун жасап жаткан унааларга киргизилбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар